
Курс НБ на 20.01.2021 $84,8000 €102,9133

Чоң көлөмдөгү скат балыгы табылды
Түркиянын Чешме районунда эң чоң скат балыгы табылды. Аны окумуштуулар жээкке жакын жердеги 100 метр тереңдиктен торго түшүрүшкөн. Ал канатын жазган учурда чоңдугу 2 метр 21 смге жетет. Чоң балыкты көргөн топтун мүчөлөрү алгач коркуп кетишкен. Алар 450 кг скатты араң алып чыгышканда куйругу кесик болгон. Изилдөөчү Илкер Айдындын билдирүүсүнө караганда, скат буга чейин тууш үчүн жээкке жакын келген. Изилдөөчүлөр үчүн анын чоңдугу таң калыштуу болгону аз келгенсип, ал кеменин үстүнөн 8 балык тууган. Маалыматтарга караганда, балык балдары менен кошо кайра сууга коё берилген.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек