Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Чикагодо чыкыйына атып кетишти

Дүйнө
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
367
Америкалык 25 жаштагы жеңилбес профессионал мушкер Эд Браунду автоунаасында  олтурган жеринде атып кетишти. Мушкердин башына, жанында сүйлөшүп олтурган кыздын бутуна ок тийген. Мушкер тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилгени менен врачтар аны сактап кала алышпады. Эд Браун 20 беттешүү өткөрүп 16сын нокаут менен уткан. Бир да жолу жеңилүү ызасын тарткан эмес. Мушкерди билгендер анын “сырдуу” өлүмүнө таң калышууда. Анткени ал бейбаш балдардан жана наркотикке аралашкан компаниялардан алыс болуп, эч кимге деле жамандык кылчу эмес экен.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.