Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Чечендер Алеппону тартипке келтирүүдө

Дүйнө
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
365
“Чечен жоокерлери Сирияда кызмат өтөп жатат” деп жазды президент Рамзан Кадыров өзүнүн инстаграммасында.
Айтымында, чечендерден турган аскер полициясынын батальону Сириянын Алеппо шаарында тартипти камсыздоого катышууда. Бул туурасында Кадыров Сирияга барып келген Мамдуманын депутаты Адам Делимханов жана Чеченстандын муфтийи Салах ажы Межиев менен жолугушууда да билдирген. Акыркы экөөсү сөз болуп жаткан аскердик полиция батальонунда кызмат өтөп жаткан чечен жоокерлеринин жашоо шарты менен таанышып кайтышкан.
Чечен батальону Алеппого 2016-жылдын декабрында жөнөтүлгөн.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.