Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Үч тараптуу саммит 2017-жылга жылдырылды

Дүйнө
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
353
Ушул айда өтүүсү күтүлүп жаткан Япониянын, Түштүк Кореянын жана КЭРдин үч тараптуу саммити келерки жылга жылдырылат. Бул тууралуу Япониянын ТИМинин башчысы Фумио Кисида билдирди.
Саммиттин жылдырылышынын себептеринин арасында Пак Кын Хенин Түштүк Кореянын президентинин милдеттерин аткаруудан четтетилиши аталууда. Аны бийликтен четтетүү процесси добуш берүүнүн натыйжалары Конституциялык сот тарабынан бекитилгенден кийин гана биротоло бүтөт. Мыйзамда бул жол-жобого алты айга чейин убакыт берилген.
“Биз үч тараптуу саммитти ушул жылдын аягына чейин өткөрүүнү пландаганбыз, бирок ар түрдүү жагдайлардан улам аны Японияда келерки жылы бул үчүн кыйла оңтойлуу убакыт келгенде өткөрөбүз”, - деди Япония ТИМинин башчысы.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.