Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылуу Украинага өтөт

Дүйнө
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
336
“Украина 2017-жылдын февралында БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылат жана анын БУУдагы элчиси Владимир Ельченко төраганын орундугуна олтурат”, - деп айтылат БУУнун “Твиттерге” жайгаштырылган маалыматында. Анткени, Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес 10 мүчөсүнүн биринен болуп саналат.
Өткөн жылы беш өлкө - Украина, Египет, Сенегал, Уругвай жана Япония 2016-2017-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү болуп шайланышкан. Ушул жылдын 31-декабрында Ангола, Малайзия, Венесуела, Жаңы Зеландия, Испания Коопсуздук Кеңешиндеги өз орундарын бошотуп беришет.
Үстүбүздөгү жылдын жайында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 70-сессиясынын делегаттары 2017-2018-жылдарга Кеңештин жаңы туруктуу эмес мүчөлүгүнө Эфиопияны, Швецияны, Казакстанды (биринчи жолу ККнын мүчөсү болду), Италияны жана Нидерландды шайлашты.
Коопсуздук Кеңеши Уюмдун 15 мүчөсүнөн турат. Улуубритания, КЭР, Франция, РФ жана АКШ ККнын туруктуу мүчөлөрүнөн болуп саналышат. Дагы 10 туруктуу эмес мүчөлөрү Башкы Ассамблея тарабынан эки жылга шайланышат. Ар жылы он туруктуу эмес мүчөнүн бешөөсү алмаштырылып турат.
Таалайбек Темиров


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.