Курс НБ на 25.01.2020 $69,8443 €77,1640

БУУнун Башкы катчысы чет өлкөлөрдү кыдыруусун Түркиядан баштайт

Дүйнө
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
379
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш өзүнүн биринчи жолку чет өлкөлөрдү кыдыруусун Түркияга жасаган визити менен баштайт, деп билдирди анын басма сөз кызматы.
Стамбулда ал өлкөнүн өкмөтүнүн жетекчилиги менен жолугушат, андан кийин Сауд Аравиясына жөнөп, бул жерде король, башка расмий адамдар менен баарлашат.
Андан соң Бирикккен Араб Эмираттарында болуп, Дубайда ачылып жаткан Дүйнөлүк өкмөттүк саммитте сөз сүйлөйт. БАЭнин жетекчиликтери менен жолугушууларды өткөрөт. Мындан сырткары, Оманга, Катарга жана Египетке да барат.
Сапарын Германиядагы “чоң жыйырмалыктын” министрлик жолугушуусуна жана 17-19-февралда жыл сайын өтүүчү Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияга катышуу менен жыйынтыктайт.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.