Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

БУУнун башкы катчылыгына талапкер аныкталды

Дүйнө
06 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
389
Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы боло турган негизги талапкер аныкталды. Ал Португалиянын мурдагы премьер-министри, БУУнун Качкындар боюнча мурдагы жогорку комиссары Антониу Гутерриш. Эске салсак, кечээ Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги жашыруун добуш берүүдө бир да туруктуу мүчө-мамлекет анын талапкерлигине каршы болгон жок. Ошондой эле, Гутерриш буга чейинки беш айлампада дагы алдыга озуп чыккан. Ал арада, бул орунга Чыгыш Европанын өкүлүн, аял саясатчыны сунуштагандар дагы бар. 15 өлкө кирген Коопсуздук кеңеши бүгүн расмий добуш берип, анын жыйынтыгын Башкы Ассамблеяга сунуш кылуусу күтүлүүдө. Эске салсак, БУУнун учурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун быйыл кызмат ордун тапшырат. Ал бул кызматта он жыл иштеди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.