Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

БУУ учкучу жок учуучу аппараттарды дарыларды жеткирүү үчүн колдонот

Дүйнө
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
287
БУУ буга чейин тынчтыкты сактоочу операцияларда жердин шартын чалгындоо үчүн учкучу жок учуучу аппараттарды (УЖУА) үч жылдан бери колдонуп келсе, эми аларды гуманитардык максаттарда да колдоно баштайт. Анын биринчи толук кандуу сыноосун БУУнун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) 2017-жылдын апрелинде Малавиде жүргүзөт.  Бул үчүн атайын аба коридору түзүлүүдө.
«Малави өкмөтү жана ЮНИСЕФ учкучу жок учуучу аппараттарды гуманитардык максаттарда колдонууну ар тараптан сыноо үчүн аба коридорун түзүү тууралуу жарыялашты», - деп маалымдайт фонддун интернет-сайты. Анын маалыматына караганда узундугу 40 километрге  жеткен бул аба коридору бир гана гуманитардык максаттарда түзүлгөн  Африкадагы  эң биринчи, а дүйнө жүзүндө биринчилердин биринен болуп калат. Бул сыноолорго жеке сектордогу компаниялар жана жогорку окуу жайлары тартылат.
УЖУАлар анчалык чоң эмес жүктөрдү, анын ичинде дары-дармектерди, вакциналарды, ошондой эле кандын анализдерин ташууда пайдаланылат. БУУнун Балдар фондусунан билдиришкендей, 2016-жылдын мартында УЖУАлар ВИЧ анализдери үчүн кандын үлгүлөрүн ташуу боюнча пилоттук долбоордо ийгиликтүү колдонулган.
Малави соңку жылдарда катуу кургакчылыктан жана суу ташкындарынан жапа чегип келүүдө», - дейт булл африкалык мамлекеттин транспорт жана коомдук иштер министри Джаппи Мханго. – УЖУА үчүн коридорду түзүү өзгөчө кырдаалдардын шартында жерде жүрүүчү транспорттор бара албоочу же баруусу оор жерлерден маалыматтарды чогултууда абдан маанилүү болуп саналат».
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.