Курс НБ на 26.03.2019 $69,7441 €78,9154

БУУ сасык тумоо менен күрөшүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыкты

Дүйнө
13 - Март 2019
www.erkintoo.kg
33
Жыл сайын Жер жүзүндө бир миллиардга жакын адам сасык тумоого кабылышат. 3-5 миллион чамалуу адамдын оорусу оор абалда өтөт. Мына ушундай жагдайларга баа берген Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сасык тумоону глобалдык масштабдагы пандемия деп атап, бул коркунучтуу вирусту алдын алуу жана дарылоонун 2030-жылга чейинки жаңы стратегиясын иштеп чыкты деп айтылат БУУнун сайтындагы маалыматта. “Сасык тумоонун пандемиялык коркунучу ар дайым сакталат”, - деп айтты БСУнун генералдык директору Адханом Гебрейесус. Сасык тумоодон жыл сайын дүйнөдө 650 миңге чейин адам көз жумат. 11 жылга эсептелген жаңы Стратегиянын жүзөгө ашыруу үчүн жыл сайын 4,5 миллиард доллар талап кылынат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу