Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

БУУ Кытайды химиялык өнөр жайдагы коопсуздукту камсыздоого чакырууда

Дүйнө
03 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
46
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эксперти Баскут Тунчак пестицид чыгаруучу заводдогу жарылуудан кийин Кытайды химиялык өнөр жайдагы коопсуздукту камсыздоого чакырды. Мындай билдирүү жасоого 21-мартта Цзянсу провинциясына караштуу Яньчэн шаарындагы пестицид чыгаруучу заводдогу жарылуудан 78 адамдын өлүмгө учурашы жана жүздөгөн адамдардын жабыр тартышы түрткү болду. “Дүйнөдөгү эң масштабдуу химиялык өндүрүш Кытайда жайгашкан, ошондуктан бул өлкө коопсуздук чараларын камсыздоо боюнча жогорку натыйжалуу чараларды кабыл алышы керек”, - деп айтты Тунчак. Кытай – Дүйнөдөгү химиялык продукциялардын эң ири өндүрүүчүлөрунун бири болуп эсептелет. 2030-жылга карата дүйнөдөгү бүткүл химиялык продукциялардын тең жарымы Кытайда өндүрүлөт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу