Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Бүркүттөр европалык өлкөлөрдүн асманын кайтара баштады

Дүйнө
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
403
Франциянын Абадан коргонуу күчтөрү учкучу жок аппараттарга каршы күрөшүү үчүн бүркүттөрдү колдонууда. Өткөн жылы жазында бул максатта Австралиядан бүркүттүн төрт жумурткасы сатып алынган.
Балапандар азыр чоңоюп дрондорго каршы эң мыкты курал экендигин далилдешти. Бүркүттөр учкучу жок аппараттарды бир нече чакырым алыстыктан эле көрө алышат. Машыктыруучулар аларды таптоо үчүн дрондорго эттин кесимин байлап тамактандырышкан. 2017-жылдын жайында Нидарланды өлкөсү да ушундай ыкма менен аба мейкиндигин дрондордон кайтарууга өтөт.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.