Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Британиялык окумуштуулардын тобу Крымга келишет

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
375
9-12-февралда Улуубританиялык окумуштуулардын тобу археологиялык туризди өнүктүрүү үчүн бул аймактын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында Крым жарым аралына келишет. Бул тууралуу ТАССка Крым парламентинин санаториялык-курорттук комплекстер жана туризм боюнча комитетинин башчысы Алексей Черняк билдирди.
“Топтун курамында үч адам бар. Булар - Бристоль шаарындагы университеттин окумуштуулары жана “Живая военная история” аскердик тарыхый журналынын (англиялык) өкүлдөрү. Алар Крымдын бийликтери, окумуштуулары жана археологдору менен талкуулай турган маселелерге студенттерди жана кесипкөй археологдорду тартуу менен Крымда биргелешкен казууларды жүргүзүү, ошондой эле Улуубританиядан туристтерди тартуу кирет”, - деди Черняк.
Анын айтымында, алар Крымдын Мамкеңешинин президиумунун мүчөлөрү, республиканын вице-премьери жана министрлери менен жолугушат жана Севастополдо, Бахчисарай районунда болушуп, ал жерлерде жергиликтүү тарыхчылар, археологдор, журналисттер менен баарлашышат.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.