Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Британиялык кайырчы 12 миң долларлык садага алды

Дүйнө
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
316
Британиянын Эксетер шаарында белгисиз адам кайырчыга коллекциялык 50 даана монета таштап кеткен. Аны эсептей келгенде баасы 10 миң фунтту түзөт же 12 миң долларга жакын. Мындай маалыматты  РИА Новости Metro агенттигине шилтеме берип  жазды. Кайырчы өзгөчө формадагы монетанын  баасын билүү үчүн полицияга кайрылган. Ал эми Укук коргоо органдарынын кызматкерлери монета белгилүү балдар жазуучусу Беатрис Поттердин 150 жылдыгына арналып 2016-жылы чыгарылгандыгын аныкташкан. ​Монеталарга Поттер жазган жомоктордун каармандары — коен, Питер, Ухти-Тухти, Жонни аттуу тыйын чычкан жана башкалар түшүрүлгөн. Монеталар жаңы чыккан учурда 50 монета  55 фунттан же 60 долларга соодаланган.  Тираж сегиз күндө эле сатылып кеткен.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.