Курс НБ на 03.08.2020 $76,8433 €90,4984

Brexit жөнүндөгү мыйзам парламенттен өттү

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
387
Британиялык парламенттин Общиналар палатасы Европалык биримдиктен Улуубританиянын чыгуусунун жол-жоболорун аракетке киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды. Аны колдоп 494 парламентарий добуш берсе, 122си каршы болду.
 Документ европалык багытты колдогон парламентарийлер сунуштаган  түзөтүү киргизүүлөрү жок эле бекитилди.
Адегенде мыйзам долбоору жарым барактык тексттен жана эки пункттан турган.
Кийин аны комитеттер карап чыгышып, андан соң палатанын бүткүл курамы тарабынан үч окууда мыйзам долбоорун талкуулоо болду. Ошол талкуулоолордун жүрүшүндө жалпы көлөмү 150 беттен ашкан үч жүздөн ашык түзөтүүлөр сунушталган. Натыйжада,  алардын көпчүлүгү кабыл алынган.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.