Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Brexit сөзү англис тилинин Оксфорд сөздүгүнө расмий түрдө киргизилди

Дүйнө
15 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
357
 Бүгүн британдык Press Association агентствосу билдиргендей, Brexit сөзү англис тилинин Оксфорд сөздүгүнө расмий түрдө киргизилди.
Britain (“Улуубритания”) жана  Exit (“чыгуу”) сөздөрүнүн айкалышынан пайда болгон бул сөз англис тилине өлкөнүн ЕБга мүчөлүгү  жөнүндөгү июнь референдумунун алдында киргизилген жана дароо эле бүткүл дүйнөгө кеңири тарап кеткен.
“Brexit - бул (сунушталган) Бириккен Королдуктун Европалык биримдиктен чыгуусу жана ага байланышкан саясий процесс”, - айтылат  бул сөздүктө. Мында: “Кээде бул сөз 2016-жылдын 23-июнунда Улуубританияда өткөн референдумга карата колдонулат, анда шайлоочулардын көпчүлүгү ЕБдан чыгууну колдошкон” деген түшүндүрмө берилген.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.