Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Бразилиядагы түрмөдөгү тополоңдо 27 адам набыт болду

Дүйнө
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
375
Өткөн ишемби, 14-январда Бразилиянын Риу-Грандилу-Норти штатындагы эң ири түрмөдө тополоң чыгып, 27 адам набыт болду. Криминалисттердин айтымында алардын бир тобунун баштары жана башка дене мүчөлөрү кесилген деп билдирет Би-Би-Си.
14 саатка созулган тополоңду токтотуу үчүн полиция түрмөгө чабуул коюуга аргасыз болгон. Бул январь айында бразилиялык түрмөлөрдө орун алган үчүнчү тополоң жана аларда жалпысынан 100дөн ашык кылмышкер набыт болушту. Полициянын маалыматы боюнча тополоң түрмөнүн эки тарабында кармалган кылмыштуу топтордун ортосунда келип чыккан.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.