Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Боливар баш аламандыкты баштады

Дүйнө
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
330
Венесуэлада башаламандыктардын жана талап-тоноочулуктардын айынан өлкөдөгү эң чоң номинал деп эсептелген 100 боливарлык акча банкноталарын жүгүртүүдөн алуу токтотулду.
100 боливардык банкноталардын жүгүртүү мөөнөтү 2017-жылдын 2-январында аяктайт. Ушул аракеттерге байланыштуу Колумбия жана Бразилия менен чек ара убактылуу жабылган. Баш аламандыктардын башталышына акча алмаштырууга үч күн гана убакыт берилгендиги себеп болду. Бийлик бул чечимди контрабандачылар менен күрөшүү аракети катары түшүндүрүүдө. Анткени, акыркы учурда Венесуэла экономикалык оор кризисти башынан кечирүүдө. Боливардын куну качты. Азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын тартыштыгы даана сезиле баштады.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.