Курс НБ на 22.10.2019 $69,8114 €77,7804

Boeing - 777 самолетторун чыгаруу кыскартылат

Дүйнө
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
330
Авиациялык,   космикалык жана аскердик техникалардын ири дүйнөлүк  өндүрүүчүлөрүнүн биринен болгон америкалык Boeing концерни кварталдык дивиденддерди  30%га  жогорулатаары, ошондой  эле  14  млрд  доллар өлчөмүндөгү акцияларды сатып алуунун жаңы  программасын баштаары  жөнүндө  жарыя кылды.  Мындан тышкары,  авиаконцерн  2017-жылдын  августунан тартып Boeing – 777  самолетторун чыгарууну кыскартууга ниеттенүүдө.  Алсак, айтылган мезгилден тартып айына азыркыдай  8,3  бирдиктен эмес,  а 5  бирдиктен чыгарып калат.
Boeing – 777 самолетторун чыгаруу  көлөмүнүн азайышы авиаконцерн тарабынан жумушчу орундарды кыскартууга алып келет.Ошого карабастан, Boeing Ирандын эң ири авиакомпаниясы болуп саналган Iran Air менен авиаконцерндин  80  самолетун каталогдогу баасы боюнча жалпы  өлчөмү 16,6  млрд долларга сатып алуу  жөнүндө  келишим түзгөндүгү маалымдалды.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.