Курс НБ на 24.08.2019 $69,7882 €77,2311

Бекер акча тараткан бизнесмен

Дүйнө
12 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
115
Кытайлык мультимиллионер Чжэн Дацин айылдаштарына 12 миллион юань (1,7 миллион доллар) таратты. Мындай маалыматты South China Morning Post  жазды.
Маалыматка караганда жашы 60ка чыгып калган  магнат өткөн жумада Сычуань провинциясындагы Динцицяо айылына барган. Бир нече күн бою ал жергиликтүү тургундар менен жолугуп белектерин берген. Ал  50 жаштан жогорку курактагы жарандарга 9 миллион юань тараткан. Ошондой эле 3 миллион юанды турмуш-тиричилик техникасына сарптаган. Акчалар кызыл лента менен оролуп байланган. Алардын ар биринде 2 миңден 60 миң юанга чейин болгон. 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.