Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Балиде көпүрө кулап, адамдар каза тапты

Дүйнө
17 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
427
Индонезиянын Бали аралындагы көпүрө кулап 34 адам каза тапкан. Мындай маалыматты РИА Новости жазды. Кырсык жекшембиде саат 19.30да катталган.
Көпүрөнүн кулашына ашыкча салмак себеп болгон. Себеби көпүрө Нуса Лембонган жана Нуса Ченинган аралдарын байланыштырып турган. Көпүрө адамдын көптүгүн көтөрө алган эмес. Окуя караңгыда болгондуктан сууга аккан адамдарды издөө  жана куткаруу иштери токтотулган. Издөө иштери бүгүн уланууда. Учурда дайынсыз жоголгондордун так саны аныктала элек.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.