Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Балээнин баарын Трамп баштаган

Дүйнө
22 - Февраль 2021
www.erkintoo.kg
96
Кытай Пекин менен Вашингтондун мамилесинин деградацияланышына Трампты күнөөлөдү. Мындай пикирин 22-февралда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдирди. “Акыркы бир нече жылда Кытай менен АКШнын мамилеси түз жолдон четтеди. Алар дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери оор тоскоолдуктарга кабылды. Буга АКШнын мурдагы администрациясы күнөөлүү”, -деп министрдин айткандыгын ТАСС агенттиги мисал келтирди.
Эске салсак, АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода тирешүүсү 2018-жылдын июль айында башталган. Вашингтон кытайлык товарлардын 818 түрүнө жылдык жалпы көлөмү 34 млрд долларды түзгөн 25%дык импорттук пошлина киргизген.
Мурдагы президент Дональд Трамп коронавирус пандемиясынын тарашына да бир нече жолу Кытайды күнөөлүү деп айткан.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу