Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €84,5647

Байлар менен жардылардын ажырымы чоңоюп баратат

Дүйнө
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
396
Жер шарында жашаган бардык жарды калктын жалпы каражатына теңдеш байлыкка дүйнөнүн 8 миллиардер байы гана ээлик кылат.
Oxfam уюмунун докладына шилтеме жасаган Рейтер агенттиги мына ушундай деп маалымдайт. Эксперттердин пикиринде, учурда байлар менен жардылардын ортосундагы ажырым чоңоюп баратат.
Бул сегиз миллиардердин арасынан Microsoftтун негиздөөчүсү Билл Гейтсти, Inditexтин экс-президенти Амансио Ортеганы, ири инвестор Уоррен Баффетти, мексикалык бизнесмен Карлос Слимди, Amazon.comдун негиздөөчүсү Джефф Безосту, Facebookтун жетекчиси Марк Цукербергди, Oracleнин мурдагы башкы директору Ларри Эллисонду жана Bloomberg агенттигинин кожоюну Майкл Блумбергди көрүүгө болот.
Oxfamдын эсеби боюнча дүйнөнүн жарды калкына таандык 3.6 трлн долларга тендеш байлыкка 62 бай адам ээлик кылат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.