Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Бабай 80 жашка толду

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
413
Татарстандын «Бабай» атка конгон экс-президенти Минтемир Шаймиев 20-январда 80 жылдык маарекесин белгиледи. Андан бир күн мурда юбилярды Орусиянын президенти Владимир Путин кабыл алды.
Минтемир Шарипович Шаймиев Татарстан Республикасын 1991-жылдан 2010-жылга чейин 19 жыл жетектеген. Ага чейин Татар АССринин мелиорация жана суу чарба министри, Министрлер Советинин Төрагасынын орун басары, Татар обком партиясынын катчысы, Татар АССРинин Министрлер Советинин Төрагасы, Татарстан Республикасынын Жогорку Советинин Төрагасы болуп иштеген.
1991-жылы 12-июнда альтернативасыз негизде Татарстан Республикасынын Президенти болуп шайланган. Анын жетекчилиги алдында Татарстандын суверенитети жөнүндө Декларация жана Конституция кабыл алынган. Ал 1991-жылдын 19-августунда ГКЧПны колдогон.
2010-жылы 22-январда 73 жаштагы Шаймиев кызмат мөөнөтү аяктаарына эки ай калганда президенттик жаңы мөөнөткө талапкерлигин карабай эле коюу өтүнүчү менен Президент Путинге кайрылган. Учурда ал Татарстан президенти Рустам Миннихановдун кеңешчиси, Парламенттин өмүрү өткөнгө чейинки мүчөсү.
Жубайы Сакина Шакировна азыр 78 жашта. Уулдары Айрат (1962) жана Радик (1964) Татарстандын эң бай бизнесмендери. “Форбс” журналы алардын ар биринин байлыктарын 1 млрд доллардан ашат деп баалаган.

Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.