Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

Австралияда кокаиндин рекорддук чоң партиясы кармалды

Дүйнө
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
367
Австралиянын бийликтерине 1,4 тонна кокаин ташып келе жаткан кемени кармоого мүмкүн болгондугун The Guardian маалымдады.
“Бул бир жолку операциянын жүрүшүндө кармоого мүмкүн болгон Австралиянын бүткүл тарыхындагы кокаиндин эң ири партиясы болуп саналат”, - деп билдирди Австралиянын иммиграция иштери боюнча министри Питер Даттон.
Яхта Жаңы Зеландиядан келаткан жана австралиялык Жаңы Түштүк Уэльс штатынын жээктерине жакын жерден токтотулган, деп белгилешти ЖМКлар. Операциянын жүрүшүндө алты адам кармалды, алардын аты-жөндөрү жана улуттары айтылбайт.
Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматтарына караганда бул тартылып алынган баңги заттарынын жалпы баасы 240 миллион долларды түзөт.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.