Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүү бүгүн жыйынтыкталат

Дүйнө
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
330
Астанада Сирияда ок атууну токтотуу режимин орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кечээ биринчи күнү аяктап, ага Сирия өкмөтүнүн жана оппозиция өкүлдөрүнүн катышканы менен алардын ортосунда тикелей сүйлөшүү болгон эмес. Сүйлөшүүлөр Орусия, Иран жана Түркиянын демилгеси менен АКШнын Казакстандагы элчиси Жорж Кролдун жана БУУнун атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын катышуусунда өтүп, бүгүн да уланууда. Маалыматтарга ылайык жыйынтык да бүгүн чыгарылат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.