Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр уланат

Дүйнө
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
327
15-16-февралда Астанада өтө турган Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө Сирия өкмөтү менен куралдуу оппозициянын өкүлдөрү, БУУнун атайын өкүлү Стеффан де Мистура жана америкалык байкоочулар расмий түрдө чакырылды.
Казакстан ТИМинин билдирүүсүнө караганда, жолугушуудагы башкы темалар — ок атпоо режимин сактоо жана Сириянын бир катар райондорундагы абалды турукташтыруу боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алуу болот. Сүйлөшүүлөр Орусиянын жана Түркиянын демилгеси менен өткөрүлүүдө,-делет Борбордук Азиянын Кабарлар кызматынын маалыматында.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.