Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Армяндар Пашиняндын кетишин талап кылып жатат

Дүйнө
11 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
120
Армениянын борбору Ереван шаарында оппозициянын митинги өтүп жатат. Алар премьер-министр Никол Пашинянды кызматтан кетишин талап кылууда. Чогулгандар 9-ноябрда Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын, Армениянын жана Россиянын президенттери кол койгон документке нааразычылыгын билдирүүдө.
Армениянын маалымат каражаттары митингге чыккандарды милиция кармап кетип жатканын жазууда. Еревандагы эң ири аэропорт  саналган “Звартноцко” кеткен жолдо укук коргоо органдары атайын рейд өткөрүп, шектүү адамдарды суракка алып жатканы да белгилүү болду.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.