Курс НБ на 20.01.2021 $84,8000 €102,9133

​Аргентинада "Спутник V" вакцинасын колдоно баштайт

Дүйнө
30 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
50
Аргентинада Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын бүгүндөн баштап колдоно баштайт. Бул туурасында чет элдик маалымат булактары жазышууда. Маалыматка ылайык, аталган препараттар Аргентинанын ар бир провинцияларына жеткирилген. Аргентинада коронавирустан 42 миң 868 бейтап каза болсо, 1 миллион 414 миң 680 жаран оорудан сакайган. Белгилүү болгондой, Россиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турган дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгып, аны "Спутник V" деп атаган.
 Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу