Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

Арабдар ислам ай санагынан баш тартты

Дүйнө
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
407
Мамлекеттик кызматкерлердин маяналарынан үнөмдөп калуу максатында, Сауд Арабиясы мусулмандардын Хижра ай санагынан григориан календарына өтүү тууралуу чечим кабыл алды.
 Британиялык The Independent гезитинин маалыматына таянсак, Сауд Арабия падышалыгы 1932-жылдан бери колдонуп келген мусулман календарынан баш тартып, финансылык чыгымдарды азайтуу максатында 1-октябрдан тарта григориан ай санагына өттү.
Ислам ай календары 29 жана 30 күндүк 12 айдан турат, бир жылда 354 күн бар деп эсептелет. Григориан календарына салыштырмалуу жыл 11 күнгө кыска. Ал эми сутка григориан календарындагыдай түн жарымында эмес, күн баткандан тарта эсептелет.
Сауд өкмөтүндөгүлөр ушундай жол менен 11 күндун айрымасындагы акчаны үнөмдөп калууну туура көрдү. Биз бир аз мурдараак, Сауд Арабиясында министрлердин айлык акылары 20%га кыскартылып жаткандыгын маалымдаганбыз. Быйыл мамлекеттик кызматкерлерге жылдык акчалай сыйлыктар берилбейт. Өткөн айда өлкөдө виза жасатууга төлөнүүчү акылардын жана жол кыймыл эрежелерин бузгандык үчүн айып пулдардын өлчөмүн жогорулаткан.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.