Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Апрелден тарта Улуу Британияда чет өлкөлүктөргө алдын ала төлөөсүз мед жардам көрсөтүлбөйт

Дүйнө
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
353
“Улуу Британияда мамлекеттик ооруканалар тарабынан алдын ала акы төлөмөйүнчө апрель айынан тарта чет өлкөлүктөргө медицианалык жарда көрсөтүүлөр токтотулат” деп маалымдады Би-Би-Си маалымат кызматы.
Ушундай жол менен бийлик келгиндердин эсебинен көбүрөөк каражат табууга ниеттенүүдө.
“Алыскы өлкөлөрдөн келгендер биздин саламаттыкты сактоо системабыздын жеңилдиктеринен пайлдаланышына каршыбыз”, - деп айтты саламаттыкты сактоо министри Джереми Хант. Айтымында, өткөн жылы улуттук саламаттыкты сактоо системасынын бир бөлүмү болгон Imperial College Trust келгиндерди дарылоого 4 млн фунт (5 млн доллар) короткон, бирок чет өлкөлүктөр 1,6 миллионун гана төлөп беришкен. Ал эми саламаттыкты сактоо системасынын жалпы чыгымы 500 млн фунтка жеткен.
Апрелден тарта киргизиле турган эрежелерге ылайык, өмүрүнө чындап коркунуч туулган чет өлкөлүк жарандар гана алдын-ала акы төлөөсүз медициналык жардам ала алышат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.