Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Апелсинди ширеси пайдалуу

Дүйнө
30 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
150
Апелсиндин мөмөсүн жегенден көрө аны сыгып, ширесин ичкен пайдалуу. Күнүнө бир стакан апелсин ширесин ичүү иммунитетти чыңдап, кишиде өсмө, жүрөк-кан тамыр ооруларына бөгөт болот. Мындай ачылышты Германиянын Гогенгейм жана Кристиан Альбрехт атындагы Кил университеттеринин окумуштуулары Рейнхольд Карл менен Аня Боси-Вестфаль жасашты,-деп жазды  «Азаттык” чет элдик ММКларга таянып. Апелсиндин ширесин такай ичкенде заара кислотасынын деңгээлин азайтып, муундун подагра оорусун болтурбай турганын да аныкталды. Заара кислотасынын деңгээлинин төмөндөшүн диетологдор апелсиндин ширесинде С витамини жана флавоноиддер, айрыкча, гесперидин көп болгону менен түшүндүрүштү. «Эгер заара кислотасынын муундардагы жана ткандардагы кристаллизациясы жай болуп калса, бул подагранын өнүгүшүн токтотушу мүмкүн», - деп тыянак чыгарат профессор Аня Бози-Вестфаль. Ушундан келип, профессор Рейнхольд Карл нанүштөгө бир стакан апелсин ширесин ичкендин өзү күнүгө организмге керектүү болгон мөмө жана жашылча-жемиштин бештен бир бөлүгүн алмаштырарын айтат,-делет маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.