
Курс НБ на 02.03.2021 $84,8113 €101,7905

Антарктиданын үстүндө эң чоң озон тешиги пайда болду
Метеорологдор Антарктиканын үстүнөн акыркы 10 жыл ичиндеги эң чоң озон тешигин табышты. Бул туурасында Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун расмий өкүлү Клэр Нуллистин сөзүнө таянып РИА Новости жазды. Адистин маалыматына ылайык, бул нерсе озон катмарын талкалоочу химиялык калдыктардын кайрадан көбүрөөк ыргытыла баштаганынан кабар берет. Аталган катмарга зыян келтирбей сактоо боюнча мамлекеттерди милдеттендирген Монреаль протоколу бар. Экологиялык талаптар ойдогудай сакталса, 2060-жылга чейин озондун катмарын кайрадан 1980-жылдагы калыбына алып келсе болору айтылган.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек