Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Англиянын курама командасы 2018-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка катышпай калабы?

Дүйнө
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
359
Футбол боюнча Англиянын курама командасы  2018-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка катышуудан чыгарылып салынышы мүмкүн экендиги  тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Буга өкмөттүн Англиянын Футбол ассоциациясынын ишине  кийлигишүүсү себепчи болду,-делет маалыматта. Лорд Тризман, Дэвид Бернстайн,  Грег Дьюк, Дэвид Дэвис жана Алекс Хорн буга чейин,  ФА түзүмүндө иштеген уюмдун учурдагы жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө өтүнүчү менен өлкө жетекчилигине кайрылган. Кызмат адамдары ФA комитети тарабынан маанилүү чечимдерди кабыл алуудагы  таасирди азайтуу, ошондой эле Лига жетекчилигинин  ФA чечимдеринин үстүнөн болгон укугуна бөгөт коюуну айтышкан. Мындай иш-аракеттер футбол  ассоциациясынын ишине кийлигишүү болуп саналат. Ал эми буга эл аралык федерациянын уставдары жол бербейт. Буга чейин Греция, Нигерия, Кувейт, Эфиопия жана Иран  ушундай жазага кириптер болуп жарыштан четтетилип калышкан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.