Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

​Ангела Меркел менен Майя Санду өлкө гимндерин отуруп угушту

Дүйнө
17 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
55
Кечээ, 16-июлда Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Молдавиянын премьер-министри Майя Санду Берлиндеги расмий сүйлөшүүлөр алдында өлкө гимндерин отуруп угушту деп маалымдады РИА Новости.
Мындай расмий иш-чаранын протоколу экинчи ирет өзгөртүлүп жатат. Өткөн аптада Берлинде Меркель менен Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен да улуттук гимндерди отуруп угушкан. Мындай кадамга барууга немец канцлеринин акыркы мезгилдеги ден соолугунун абалы мажбур кылууда. Биз буга чейин үч жолку расмий жолугушууларда Меркелдин денесин калтырак баскандыгын маалымдаганбыз.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.