Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Америкалыктар картаң президенттүү болууну каалайбы?

Дүйнө
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
364
Америка Кошмо Штаттарынын учурдагы вице-президенти Джо Байден 2020-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун The Hill маалымдады. Бул анын президенттик тактыны ээлөө боюнча үчүнчү аракети болот.
2020-жылы Байден 78 жашка чыгат. Эгер анын максаты ишке ашса, АКШнын тарыхындагы эң кары президент аталат. Быйыл май айында уулу Бо мээнин рак оорусунан каза болгондугуна байланыштуу шайлоого катыша алган жок.
Жозеф Робинетт (Джо) Байден Деморатиялык партиянын мүчөсү. АКШнын 47-вице-президенти. Бул кызматты 2009-жылдан бери ээлеп келет. Ага чейин Делавэр штатынан 36 жыл катары менен сенатор болгон. 1942-жылы 20-ноябрда Пенсильванияда туулган. 1973-жылы 30 жашында сенаторлукка шайланган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.