Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Америкалык Forbes журналы тарыхта эң көп акча тапкан спортчулардын тизмесин жарыялады

Дүйнө
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
324
Журналдын версиясы боюнча тизменин башында спорттук карьерасында 1,7 млрд доллар иштеп тапкан баскетболчу Майкл Джордан турат. Ал учурда жыл сайын Nike бренди менен түзгөн рекламалык келишимдин негизинде 100 млн доллардан киреше табат.
Экинчи орунда кирешеси 1,65 млрд долларга жеткен гольфист Тайгер Вудсу, ал эми үчүнчү орунда быйыл сентябрь айында каза тапкан гольфист Арнольд Палмер ($1,35 млрд.).турат. Биринчи ондукту карасак, бул топто америкалык гольфист Джек Никлаус, ($1,15 млрд), «Формулы-1дин» жети жолку жеңүүчүсү Михаэль Шумахер ($1 млрд), баскетболчу Коби Брайант ($770 млн), боксчу Флойд Мейвезер ($765 млн), гольфист Фил Микельсон ($760 млн), футболчу Дэвид Бекхэм ($730 млн), баскетболчу Шакил О’Нил ($700 млн).
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.