Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

Америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү катастрофага алып келет

Дүйнө
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
317
Америкалык аскерлерди Ооганстандан биротоло чыгарып кетүү орду толгус катастрофага алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдирди.
“Мен билгенден Трамп аскер контингентин чыгаруу тууралуу эч нерсе айта элек. Эгер ушундай чечимге келсе бардыгы кыйрайт”, - деп айтты ал. АКШнын жаңы лидери Ооганстанга байланышкан оор маселелерди чечиши зарыл. АКШ бул өлкөгө эсепсиз акчаларды чачты. Мындай саясатты жүргүзгөн адамдарга Трампта сөзсүз көп суроолор пайда болот”, - деди Кабулов. Айтымында, Ооганстандагы абалга байланыштуу Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда кырдаал курч бойдон сакталууда. “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун ооган канатындагылар орус тилинде сүйлөшөт. Ушундан улам алардын көздөгөнү Борбор Азия өлкөлөрү экендигин баамдоого болот.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.