Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Америкада жапайы жылкылар жок кылынабы?

Дүйнө
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
1968
Америкада жайытты кеңейтүү үчүн 45 миң жапайы жылкыны жок кылууну карашууда. Алар жапайы жылкылардын санын азайтып, жайыттарды кеңейтүүгө багытталган программаны ишке ашыруу максатын көздөп жатышат. Мындай маалыматты The Independent деген британиялык басма жазды. Маалыматтарга караганда, өлкө боюнча жапайы жылкылардын саны 50 миңден кем калбайт. Алардын 45 миңин жок кылуу тууралуу чечим чыккан. Жапайы жылкыларды жок кылуу салык төлөөчүлөрдүн эсебинен болот. Бирок качан ишке ашары туурасында так маалымат жок. Ал эми жапайы жаныбарларды коргоо боюнча активисттер электрондук кат жөнөтүүгө камынышууда. Активисттер 77 000 адамдын колун чогулткан.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.