Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

​Аман калууга үмүтү аз бейтаптарды тез жардам кызматы албайт

Дүйнө
06 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
98
Америкалык Лос-Анджелес округунун тез жардам бригадалары аман калууга үмүтү аз бейтаптарды ооруканаларга алып кетпейт. Мындай буйрукту округдун чукул медициналык жардам көрсөтүү агенттиги чыгаргандыгын Los Angeles Times басылмасы кабарлады.
Бул айрыкча врачтардын жеринде реанимация жасоо аракеттерине карабастан жүрөгү токтоп калган, дем алуусу, кыймылы жок, тамырынын кагуусу же кан басымы аныкталбаган бейтаптарга тиешелүү деп айтылат маалыматта. Округдун бийликтери мындай радикалдуу кадамдарга оорукана орундарынын, тез жардам экипаждарынын жана медициналык ресурстардын курч тартыштыгынан улам барууга аргасыз болууда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу