Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

Алжирдин президенти кызматын тапшырды

Дүйнө
03 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
89
Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика бир нече жумага созулган каршылык акцияларынан кийин шейшембиде кызматын тапшырды.
Мындай маалыматты өлкөнүн мамлекеттик агенттиги кабарлады. Анын  отставкасы тууралуу маалымат алжир армиясынын башкы штабынын башчысы Ахмед Гаед Салах аны кызматтан четтетүү боюнча токтоосуз түрдө чара кабыл алууга чакыргандан кийин пайда болду. Март айында  82 жаштагы Бутефлика бешинчи президенттик мөөнөт үчүн ат салышуу ниетинен баш тартып, шайлоону апрелден башка маалга которгон.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.