Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Алматынын экс-акими жүз миллиондогон доллар акчаларды Кипрдеги банктар аркылуу адалдаган

Дүйнө
17 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
16
Алматынын экс-мэри Виктор Храпунов жана анын үй-бүлөсү жүз миллиондогон доллар акчаларды Кипрдеги FBME Bank Ltd банкылуу аркылуу адалдаган деп маалымдады Америка Кошмо Штаттарынын федералдык сотторунун документтерине шилтеме жасаган Asia Sentinel басылмасы. Бул амалдарды жүзөгө ашырууда Храпуновго АКШнын президенти Дональд Трамптын мурдагы ишкер өнөктөшү Феликс Сатер жардам берген деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Виктор Храпунов жана анын аялы Лейла, ошондой эле башка үй-бүлө мүчөлөрү 2011-жылы тонналаган зер буюмдар, уурдалган байлыктары жүктөлгөн россиялык самолет менен Алматыдан Швейцарияга качып кетишкен. Учурда Храпуновго бүт дүйнө боюнча издөө салынган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу