Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

Алгачкы президент дүйнөдөн кайтты

Дүйнө
06 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
351
Словакиянын биринчи президенти Михаил Ковач 85 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Ал өлкөнү 1993-1998-жылдары жетектеген. Ковач жүрөгү ооруп 30-сентябрда ооруканага жеткирилип, реанимацияга жаткырылган.
1989-жылдан 1991-жылдын 17-майына чейин ал Словакия Федеративдүү Республикасынын финансы министри болуп иштеген. 1991-жылы Ковач Словакиянын демократиялык кыймылын негиздөөчүлөрдүн катарында туруп, партиянын вице-президенттигине дайындалган. Ал эми Чехословакиянын Федералдык жыйынынын акыркы төрагасы катары 1992-жылы Словакиянын эгемендүүлүккө жетишине салым кошуп, 1993-жылы алгачкы президенти болуп шайланган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.