Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

АКШнын Европада катылган ядролук куралдары эми жашыруун болбой калды

Дүйнө
18 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
50
НАТОнун парламенттик ассамблеясы Европада катылган америкалык ядролук куралдар туурасындагы маалыматтар камтылган докладды кокусунан жарыялап жибергендигин The Washington Post гезити маалымдады. Докладда ядролук бомбалар алты америкалык жана европалык базаларда: Kleine Brogel (Бельгия), Büchel (Германия), Aviano жана Ghedi-Torre (Италия), Volkel (Нидерланды) жана Инжирлик (Түркия) сакталып тургандыгы айтылат. АКШ жалпысынан Европада өзүнүн 150гө жакын ядролук бомбаларын, анын ичинде B61 бомбасын жайгаштырган. Докладдын көчүрмөсүн бельгиялык De Morgen гезити жарыялап жиберген.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.