Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

АКШдагы тоорукта Трамптын кызы менен кофе ичүү укугу сатылат

Дүйнө
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
373
Америкалык CnarityBuzz кайрымдуулук тооругунун сайтында  өзгөчөлүү  лот  пайда болду,  анда АКШнын шайланган президентинин кызы  Иванка  Трамп  менен чогуу  кофе  ичүү укугу сатылат.
Интернет-порталда  көрсөтүлгөндөй,  тооруктун жабылышына чейин бир жума  калган  кездеги  коюм  24  миң  долларды түздү.
Сайттын маалыматы боюнча  Иванка жеңүүчү жана анын жолдошу менен январдын башында шайланган президентке таандык  Нью-Йорктогу Trump Tower  бийик үйүндө  же  ВашингтондогуTrump  International  Hotel  отелинде бизнесвумендин иш графигине жараша  30-45  мүнөт  баарлашат.
Уюштуруучулар белгилегендей, жолугушууга Иванка  жана эки меймандан башка да  коопсуздук кызматынын кызматкерлери катышышат.
Тоорук бир жумадан кийин – 20-декабрда  жабылат.  Уюштуруучулардын баалоосу боюнча акыркы  коюм 50  миң  долларга жакынды түзүшү керек.  Андан түшкөн  бардык акчалар Трамптын уулу Эриктин кайрымдуулук фондусуна  түшөт.  Ал каражаттар  рак  жана башка оорулар менен ооруган балдардын пайдасына которулуп берилет.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.