Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

​АКШда Трамптын “капчыгы” Шелдон Адельсон дүйнөдөн кайтты

Дүйнө
13 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
51
Las Vegas Sands компаниясынын негиздөөчүсү, Лас-Вегаста жана Макаодогу казинолордун ээси Шелдон Адельсон 87 жаш курагында АКШда дүйнөдөн кайтты. Fox News телеканалынын маалыматы боюнча 2020-жылы республикачылардын шайлоо кампаниясын колдоого Адельсон $430 млн каражатын короткон.
Ал эми Las Vegas Review Journal гезитинин маалыматы боюнча Адельсон 2019-жылдан бери рак оорусу менен ооруп жүргөн жана 2021-жылдын 7-январында дарыланууга жаткан. Адельсондун сөөгү Израилде жерге берилет. Адельсондун ата-энеси АКШга Россия империясынан көчүп барган. Атасы азыркы Литвадан, апасы Киевден болушкан. Forbes журналы 12-январга карата анын байлыгын $35 млрдга баалаган.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу