Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

​АКШда мотоцикл раллиси 250 миң адамга COVID-19 жуктурду

Дүйнө
10 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
24
Америкалык Струджис шаарында (Түштүк Дакота) август айынын биринчи жумасында уюштурулган мотоцилдердин раллиси 250 миң адамга коронавирустун жугуусуна себепчи болду деп айтышууда. Эмгек экономикасы институтунун адистери. Коронавирус жергиликтүү тургундарга жуккан. Вирустуу мотоциклчилер ралли аяктагандан кийин башка штаттарга тарап кетишкен. Алар аралыкты сактоодон жана беткап тагынуудан баш тартышкан деп айтылат аталган институттун сайтындагы маалыматта. Ралли быйыл аталган шаарда 80-ирет уюштурулду жана аны көрүүгө дээрлик 1 миллион америкалык келген.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу