Курс НБ на 25.01.2020 $69,8443 €77,1640

АКШда миграция эрежелери катаалдашат

Дүйнө
22 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
324
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялайт, бирок өлкөгө бала кезинде келгендерди коргоо чараларын күчүндө калтыра турган болууда. Ички коопсуздук министрлиги кечээ  21-февралда миграциялык эрежелерди катаалдатуу жөнүндөгү Трамптын жарлыгынын күчүнө кирүү баскычтары көрсөтүлгөн нускама чыгарганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Документте миграцияга байланышы бар бардык мекемелерге АКШга мыйзамсыз жолдор менен келгендерди аныктап, кармап жана өлкөдөн чыгаруу милдети жүктөлгөн,- делет маалыматтарда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.