Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

АКШ Россиянын “Түндүк агым-2” түтүгүндө иштеп жаткан европалык фирмаларды санкциялар менен коркутуп жатат

Дүйнө
14 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
47

АКШнын Президенти Дональд Трамптын кызматтан кетип жаткан администрациясы Россия менен Германияны туташтыруучу “Түндүк агым-2” каршы акыркы санцияларды даярдап жатканы кабарланууда.

Вашингтон газ түтүктү курууга катышкан деп шектелген европалык фирмаларды санкцияларга кабылышы мүмкүн деп эскертти. “Биз компанияларды санкциялар жөнүндө кабарлап, алардын бул долбоордон кеч боло электе чыгып кетүүсүн каалайбыз”, - деди Reuters агенттинге АКШнын Өкмөттүк булагы.

Ушул жумада АКШнын Мамлекеттик департаменти шектүү ишканалардын тизмесин жарыялайт. Тизмеге камсыздандырууну камсыз кылган, суу астындагы түтүктү тартууга жардам берген жана долбоордун курулуш жабдууларын текшерген ишканалар кирет.

Декабрда АКШнын Конгресси долбоорго каршы санкциялардын жаңы пакетин жактырган.

“Түндүк агым-2” газ түтүгүн Газпромдун туунду компаниясы Европанын бир нече ири энергокомпаниялары менен тыгыз кызматташтыкта куруп жатат. Балтика деңизинин түбүн бойлой өткөн газ жолу, кошумча түтүктүн жардамы менен жылына 55 млрд куб метр газ берип туруусу күтүлүүдө. Түтүк Германия, Россия, Финляндия, Швеция жана Даниянын деңиз аймактары аркылуу өтөт.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу