Курс НБ на 20.03.2019 $69,7563 €79,1281

​АКШ Путиндин жеке кирешесин санай баштады

Дүйнө
13 - Март 2019
www.erkintoo.kg
27
Америка Кошмо Штаттарынын Өкүлдөр палатасы Владимир Путинге жана россиялык бийликке каршы багытталган төрт мыйзам долбоорунун үчөөсүн жактырды деп билдирди Ассошиэйтед Пресс агенттиги. Документтерди республикачылар дээрлик бир добуштан колдоого алышты. Кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун бири АКШнун Улуттук чалгын кызматын Россия Президентинин жеке кирешелерин ачыктоого милдеттендирет.
Владимир Путиндин жеке капиталы жана активдери жөнүндөгү ачык доклад мыйзам долбоору кабыл алынгандан тарта 180 күн аралыгында даярдалышы керек. Жакын арада кабыл алынган документтер Сенаттын кароосуна коюлат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу