
Курс НБ на 26.02.2021 $84,7500 €102,9628

АКШ менен Швейцариянын окумуштуулар COVID-19га оңой менен кабылбаган адамдар кимдер экендигин айтышты
Алардын пикиринде 2003-жылы А тибиндеги вирус менен ооругандар коронавирустун жаңы түрүнө багынбайт. Бул туурасында Nature журналы жазган.
Иликтөө учурунда SARS-CoV жуктуруп, курч респиратордук белгилер байкалгандар антителаларды иштеп чыгары белгилүү болгон. А бул коронавирустун клетканын үстүндөгү рецепторлору менен байланышына жооп берген процесс экендигин айтышты. Мындай антителалардын көп түрдүүлүгү SARS-CoV2ни алсыраткан күчкө ээ. Окумуштуулар мындай көп түрдүү антителаларды иликтеп, ар тараптан үйрөнүп жасалган дары-дармектер COVID-19дун оор түрүн дарылаганга колдоноорун билдиришкен. Андан сырткары тобокел тобуна киргендердин ооруга чалдыгышынын алдын алуу иштеринде колдонулат,-деп жазды sputnik.kg
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек